РОССИЯ – бул чоң мүмкүнчүлүктөр бар өлкө. Анын аймагында аларга баш ийилүүчү белгилүү бир мыйзамдар менен эрежелердин жыйнагы бар, аларды бузуп, тартип бузуучу болбой, мыйзамды сыйлаган конок болуңуздар!
РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктунда сизге өлкө ичинде мыйзамдуу жүрүү үчүн биринчи документиңизди колуңузга беришти (МИГРАЦИЯЛЫК КАРТАНЫ), аны толтуруп, дайыма жаныңызда алып жүрүңүз. МИГРАЦИЯЛЫК КАРТАНЫ жоготкон же уурдаткан учуруңузда дароо жайгашкан жериңиздеги полицияга (миграция маселелери боюнча кызматка) анын дубликатын алуу үчүн кайрылыңыз.